Чон-Алай районун акими Өскөнбай Мамажакыпов Чон-Алай айылдык кенешине депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берди.

Аталган райондун администрациясынан кабарлагандай, Мамажакыпов Дароот-Коргон айылынын
Мурзакулова атындагы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан №5162 шайлоо участогунда добушун берди.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Чон-Алай району боюнча 71 мандатка 240 талапкер катышууда.
Анын ичинен Дароот-Коргон айылынан 10 мандатка 54 адам ат салышууда…

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *