Жарандарга жана юридикалык жактар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги кезек күтүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы мамлекеттик нотариустар үчүн алты күндүк иш жумасы белгиленди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Эми жарандар ишемби күнү да саат 15:00гө чейин нотариалдык кызматтарды алуу үчүн жогоруда белгиленген нотариалдык кеңселерге кайрыла алышат.

Ошол эле учурда Юстиция министрлигинин сунушу боюнча айрым жеке нотариустар макул болуп, насыя бүтүмдөрүн каттоодо нотариалдык иш-аракеттер үчүн акыны төмөндөтүштү. Мисалы, буга чейин насыя алууда жеке нотариустар күрөө келишимин 3000ден 4000 сомго чейин күбөлөндүрүп келишсе, азыр бүтүмдөрдүн татаалдыгына жараша, бардык кошумча бүтүмдөр менен мамлекеттик жыйымдардын наркын кошкондо баасы 1000ден 2000 сомго чейин төмөндөдү.

Кызмат көрсөтүүнүн баасын жана жеке нотариуска кайрыла турган убакытты шилтеме аркылуу текшере аласыз: http://minjust.gov.kg/ky/content/1546 .

Көрсөтүлгөн тизме жеке нотариустардын өз каалоосуна жараша жаңыланып турат. Банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер, жарандар узун кезек күтпөстөн, жеке нотариустардан тез жана ыңгайлуу кызматтарды ала алышат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *