КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА «АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» ЭЛЬДАР СУЛАЙМАНОВ №21

МЕНИН АРТЫКЧЫЛЫГЫМ МЕНИН ПРОГРАММАМДА

  1. Саясат жана парламент Иштебей турган жараксыз нормаларга жол бербешибиз керек! Парламент мыйзам чыгаруу менен алектениши керек!
  2. Программанын экономикалык платформасы Экспорттоочу ишканаларга мыйзам чыгаруу деңгээлинде жардам берүү. Инвестициялардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылган, ишкерлерди колдогон нормаларды иштеп чыгуу. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, импорт алмаштыруу жаатында иштерди баштоо.
  3. Транспорт жана жол маселеси Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүн бойлой “Шейит Дөбө” базары жана Ак Буура дарыясы аркылуу шаардын борбордук бөлүгүн жеңилдеткен бийик көпүрөнүн курулушу. Айланма жолдун курулушу. Доорат-Коргон, Үч-Коргон жолун реконструкциялоо.
  4. Суу-жашоонун булагы Ар бир айылдын, райондун, жалпы эле өлкөнүн суу ресурстарын эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу. Биз буга чейин Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында ишке ашырылган суу тутумунун мисалында “Таза Суу” долбоорун мындан ары өнүктүрүү. Бул долбоор 1000ден ашуун үйдү таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берди. Ош шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча биздин иштеп чыккан долбоорубузду ишке ашыруу.
  5. Билим берүү — жаркын келечектин негизи. Мектепке чейинки билим берүүнү стандартташтыруу. Заманбап методдорду киргизүү аркылуу бардык билим берүү мекемелеринде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Окуу жана окутуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Билим берүү системасын реформалоо, жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүү. Аймактык мектептерге англис тилдїу волонтер мугалимдерди тартуу.
  6. Кайталангыс Кыргызстан! Уникалдуу жаратылыш ресурстарын сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо маселесине мыйзамдык колдоо көрсөтүү. Бул жаатта иштеген жеке секторду колдоо аркылуу ички туризмди, экологиялык туризмди жана бүтүндөй тармакты өнүктүрүү. Кыргызстандын туристтик имиджинин үстүндө иш алып баруу.
0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *