Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттыгына «Ата Мекен» партиясынан талапкер Искендер Эрмаматов Орунбаевич №33

Менин программам жөнөкөй карапайым эл үчүн.

1. Айыл чарба тармагы:бүгүнкү күндө айыл чарбасына көңүл бурулбай калды.Кыргызстан агрардык мамлекет болуп эсептелет.

Элдин 70 пайызы айыл жергесинде дыйканчылык,мал чарбачылык менен күн кечиришет.Дыйкандарга айыл чарба министирлиги тарабынан эч кандай жардам жок.

Мисалы:үрөн,жер семирткичтер,куйүүчү майлар дыйкандар үчүн өтө кымбат.Кошуна мамлекеттерден сүйлөшүү жолу менен арзан алып келип,дыйкандарга шарт түзүү зарыл.Мамлекет дыйкандар өндүргөн продукцияны чет жака кымбат баада сатууга шарт түзүп берүү керек.

Айыл чарба тармагына эл учун иштей турган,мыйзам жазып,мыйзамдын аткарылышын Жогорку Кеңеш талап кылуусу зарыл.

2. Чон Алай районуна чек ара статусун берүү! Эгер мен шайланып калсам: чек ара көйгөйүнө бүт күчүмдү жумшаймын.Буйруса чечебиз!

3. Билим берүү тармагынын сапатын көтөрүү,мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу,бала бакчадан баштап,жогорку окуу жайга чейин коррупцияны жойуу.Билим берүү эл үчүн акысыз жана сапаттуу болушу керек.

4. Саламаттыкты сактоо тармагы бүгүнкү күндө,өтө кейиштүү абалда.Аны биз пандемия учурунда билдик. Бул тармак коррупцияга белчесинен баткан. Оорууканаларда,төрөтканаларда акчасыз эч ким карабай калды.Даарылануу элге бекер болуусу зарыл.Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо керек.

5.Чон-Алай району Кыргызстандын эң алыскы,тоолуу,шарты катаал,чек арага жакын жайгашкандыгына байланыштуу,жергиликтүү тургундарга социалдык жактан жеңилдиктер берилиши шарт.Мисалга алсак: пенсия,жөлөк пул, айлык акы жогору болуусу зарыл.

Электр энергиясына болгон төлөмдөн,салыктан жеңилдиктерди кароо керек.Ушул көйгөйлөрдү чечүү, мыйзам жазуу жана мыйзамды ишке ашыруу менен чечилет.Бул депутаттын милдети.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *