Президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, экономикалык өсүштү турукташтыруу, чарба субъекттердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынды.

Иш-чаралар планы өзүнө 16 милдетти аткарууну камтыйт, алар төмөнкүлөргө багытталган:

– инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

– негизги бизнес процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык башкаруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

– экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу;

– укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжасын баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого басым жасоо менен);

– лицензияларды жана уруксат кагаздарды берүү боюнча бирдиктүү электрондук портал түзүү, лицензия жана уруксат кагаз берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *