«Биз продукцияны экспорттоого багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү колдоого көңүл буруп жатабыз», – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Чүй облусундагы кургатылган мөмө-жемиш азыктарын чыгаруучу заводго барганда.

Ишкана өлкөдө мөмө-жемиш азыктарын төмөнкү температурада вакуумда кургатуу технологиясынын эксклюзивдүү ээси болуп саналат.

«Завод жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнүн уникалдуу технологиясын ишке киргизди. Анын аркасында компания эл аралык тажрыйбаны жана стандарттарды колдонуу менен айыл чарба продукциясын экспорттоонун, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнүн көлөмүн эл аралык рынокко көтөрө алат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ушундай долбоор ишке ашып жатканына кубанычтабыз. Министрлер кабинети мындай өндүрүштүк ишканаларды өлкөнүн башка аймактарында ачууну максат кылууда», – деди Азиз Аалиев.

Ишканага баруу учурунда мөмө-жемиш азыктарын вакуумда кургатуу үчүн жабдууларды өнөр жайлык ишке киргизүү болду. Завод 1993-жылдан бери иштеп, республика боюнча чийки затты сатып алат. Продукциянын негизги рыноктору: Россия, Казакстан, Япония. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредитинин эсебинен өндүрүштү модернизациялоо жана Ысык-Көл облусунда өзүнүн чийки зат базасын кеңейтүү жана продукциянын туруктуу сапатын камсыз кылуу үчүн 27 гектар аянтка бакча отургузуу долбоорлору ишке ашырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *