Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Бул туурауу Министрлер кабинетинин 14-январдагы жыйынында маалым болду.

Караңгылатуу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Экономика жана соода министрлиги унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезесин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштаган. Бул боюнча мыйзам жазылып, Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлду. Министрлик мыйзам долбоорунун максаты — өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин да түшүүсүн көбөйтүү экенин айтат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *