Сырткы карыздын 50% Транспорт жана жол министрлигине тиешелуу. Бул тууралуу депутат озунун Фейсбуке баракчасына жарыялады.

Айтымында карыз алып жол куруу туура эмес экенин. Башка мамлекеттер курса аларда акы алынуучу жолдор бар экенин эске салды.
«2.5 млрд доллар Транспорт жана жол министрлигинин карызы деп жатасыздар. Бул Кыргыз Өкмөтүнүн сырткы карызын 50% түзүп жатпайбы? Ошондуктан жанагы 2.5 % карыз алып жол курабыз деп жатасыздар? Башка мамлекеттергеда берип жатпайбы дейсиздер? Бизда ошолорго окшош алганы жатабыз деп жатасыздар. Башка мамлекеттерде, аларда жолдор акылуу (платный). Ошол үчүн аларда төлөө ыңгайлуу болот. Бизде андай эмес, ошол үчүн кымбат кредит алып жол курбаш керек! Ошол себептен жылдан жылга сырткы карыз көбөйүп жатат… Эң корупциялашкан система дагы Транспорт жана жол министрлиги, муну баары билет. Ошондуктан сиздер элди кыйынчылыктарга туртпош керек. Кредитти аларда ойлонуш керек. Башка мамлекеттерге берет экен деп ала берсенер бул жөн эле шылтоо.» деп билдирди эл өкүлү.
Кошумчалагандай 2.5% насыя алуу кымбат экенин жана төлөөдө бир топ кыйынчылык болорун эскертти.

Эске салсак 2020-жылдын июнь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстан чет мамлекеттерге 4 миллиард 81 миллион доллар карыз.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *