Алматы аэропортуна кол салууга 40 мүнөт калганда ал  жердеги курчоого жана коопсуздукту алып салууга буйрук берилген. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев «Хабар-24» телеканалынын эфиринде билдирди.

Ал бир катар аткаминерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыккынчылыгын Казакстандагы кризистин себептеринин бири деп эсептейт.

 

Ермухамет Ертысбаев ошондой эле өлкөдө бир нече жылдан бери согушкерлерди даярдоочу лагерлер болгонун, бирок Улуттук коопсуздук комитети бул тууралуу маалымат бербегенин айтты. Кутумчулардын максаты, анын ою боюнча, Касым-Жомарт Токаевди бийликтен кетирүү болгон.

 

Буга чейин Алматынын аэропорту көзөмөлгө алынганы кабарланган . Бирок 9-январь жекшембиге чейин жарандык каттамдарды кабыл албайт.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу уланууда. Бүткүл мамлекетте интернет мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат, маалымат каражаттары дээрлик иштебейт.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип өкмөттү отставкага кетирип , Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *