25-январда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде турган Айгүл Айдаровага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарып, квота боюнча кийинки орунда турган Айгүл Айдаровага мандат берүү токтомун кабыл алган.

Айгүл Айдарова 1988-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2012-жылы Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча, 2021-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин да ушул эле адистикте аяктаган. Буга чейин Токмок шаардык милициясында жана Аламүдүн райондук милициясында тергөөчү болуп иштеген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *