Орозайым Нарматованы көз көрүнөө кармап камоо – элдин эркин сындырууга, баарыбызды коркутууга багытталган мамлекеттик акция. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ИИМ Орозайымды Башмыйзамда белгиленген, кепилдик берилген укуктары үчүн айыптап жатат.

«ИИМ: «ал иш-чараларда Нарматова мигранттардын, ошондой эле Кыргызстанда жашаган жарандардын арасында нааразылыкты күчөтүү үчүн дайыма Кыргыз бийлик өкүлдөрүн негизсиз сындап келет. Нарматованын билдирүүсүндө жагымсыз пикир жана бийлик өкүлдөрүнүн ишин дискредитациялоо бар», — деп жатат. Бийликти сөзсүз мактоо, «пахтакор» болуу жарандын милдети эмес. Андайлар ансыз деле Кыргызстанда көп. Бийликтин ишиндеги кемчилигин айтып туруу — ар бирибиздин милдетибиз жана конституциялык укугубуз. ИИМдин өз билдирүүсү бүгүнкү бийликтин жүзүн, абийирин ачып отурат. Бийликтин бүгүнкү аракети — өзүмбилемдиктин, зордук-зомбулуктун үлгүсү!» — деп жазган Текебаев.

Текебаевдин пикиринде, Нарматова кечээки, бүгүнкү бийликтин кемчиликтерин айтып, «мамлекет, чиновниктер эл үчүн иштесе экен, элдин жашоо-турмушу оңолсо экен, Кыргызстан биз сыймыктанган алдыңкы мамлкеткетке айланса экен» деген ниет менен сындап келген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *