«Президенттин туугандары мамлекеттик иштерге аралашып жатат, жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайт имиш» деген социалдык тармактарда тарап жаткан айрым маалыматтар боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев пикирин билдирди.

«Социалдык тармактарда тарап жаткан «Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова кайсы  бир саясий партияны каржылайт, шайлоо процессине кийгилишүүгө аракет кылып жатат» деген маалымат жалган. Ошондой эле биз туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге катышы боюнча өлкө башчынын бекем позициясын бир нече айтканбыз. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, президент жакын туугандарынын кандайдыр бир саясий процесстерге аралашуусуна эч качан жол бербейт», — деп жазды Султанбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, анын 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен шайланып келет.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *