Президент Садыр Жапаров Бишкектин Ленин райондук № 1053 шайлоо участогунда добуш берди.

Мамлекет башчы Чоң-Арык айылындагы шайлоо тилкесине жубайы Айгүл Жапарова менен саат 8.30да келди.

Добуш берүүдөн кийин президент басма сөзгө кайрылды.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Добуш берүү кечки саат сегизде токтотулат.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *