Валдай дискуссиялык клубунун отурумунда Владимир Путин президенттикке кайрадан шайлоо боюнча суроого жооп берди.
Жолугушууда мамлекет башчысына 2024-жылдан кийин кызматта калуу чечими интригаларга жана мураскор издөөгө каршы кепилдик болот деген өз сөзү эсине салынды.
Путин белгилегендей, анын кызмат мөөнөтү аяктай тургандыгын жакшы билет.
Мамлекет башчы ошондой эле Россиянын Конституциясына кабыл алынган түзөтүүлөр президенттик мөөнөттөрдү «нөлгө салууга» эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө, суверендүүлүктү сактоого багытталгандыгын белгиледи.
«Ал жакта эмне болот, 2024-жылы, же кийинчерээк ал жакта дагы убактысы келип калганда көрүүгө болот. Азырынча Франсиске окшоп, ар бири өз аймагында иштеп жашаш керек», — деп кошумчалады Путин.
0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *