2022-жылы Кыргызстанда Орусиянын 9 билим берүү мекемеси курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Армениянын борбору Ереванда өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө гуманитардык тармактагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиленип, 2019-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан «Чет жердеги орусиялык мугалим» долбоору жана 2022-жылы Кыргызстанга 9 жалпы билим берүүчү мекемесин куруу маселеси талкууланган.

Булардан тышкары эки тараптуу кызматташтык, салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык жактан өнүктүрүү жагдайлары козголгон. Ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү маселери каралган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *