Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

 

Иш-чарада сөз сүйлөп, Президент айыл элин мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктады.

 

«Билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы. Бүгүнкү күндө глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын мезгил өзү көрсөтүп жатат. Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу — айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик маанилүү маселе. Биздин билим берүү системабыз өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги механизми болушу зарыл», — деди Жапаров.

 

Мамлекет башчысы аймактарда билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын убадалады.

 

Мамлекет башчысы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына социалдык объектилерди курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди, негизинен Кыргызстандын эң муктаж болгон аймактарында 55 мектептин курулушу, анын ичинде Чүй облусунда 7 мектеп.

 

Мамлекет башчысы айылдардын абалын жакшыртууга жана региондордун жашоочуларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошкон ишкерлерге, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

 

Мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *