Белгисиз адам Санкт-Петербургдагы  банктын филиалына ок чыгарган .

Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя саат 16:40 чамасында Ветеранов проспектисинде болгон. Медициналык маска кийип жүргөн киши банкка кирип келип, тапанча менен ок чыгарган.

“Мекеменин кызматкерин коркутуп, ал болжол менен төрт миллион рубль алган” деп айтылат билдирүүдө.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кол салган адамдын өздүгү такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *