Борбордук шайлоо комиссиясы менен 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюлду.

Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 21 саясий партиянын лидерлери жана ѳкүлдѳрү, байкоочулар, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык, демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда аралаш система менен өтөт. Шайлоочулар ар бир талапкерге жана партияга добуш бере алат.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *