Сокулук районунун Томонку айылында дээрлик 2 миллион сомго мектептин ажатканасы курулду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда. Курулуш иштерине демөөрчүлөр тарабынан 1 млн 980 миң сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Бул маалыматты 24.kg агенттигине президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова тастыктады. Анын айтымында, ажаткана курууга бюджеттен эч кандай каражат жумшалган эмес.

«Ажаткана Кореянын Гуд Нейборс фонду тарабынан курулган. Ал декабрда ачылган. Мен дагы суммага жана ушундай чоң ачылышка таң калдым. Бирок, белгилүү болгондой, муну демөөрчүлөр талап кылышкан. Ооба, чынында эле ажаткана санитардык нормалардын талабы менен курулган, ысык жана муздак суу бар, мугалимдин ажатканасы өзүнчө», — дейт Светлана Волкова.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *