Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимге карата жазган арызын канааттандырды. Мындай чечимди кечээ 9-сентябрда судья Анар Эгембердиева кабыл алды.

Бишкек шаардык административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берди.

Аталган партияга мамлекетке 700 сом чегерүү милдеттендирилди.

Соттун жүйөөсү боюнча, аталган партиянын курултайда жашыруун талапкерлерди көрсөтүү боюнча добуш берүүсүндө мыйзам бузуу катталган жок

Бишкек административдик соту 7-сентябрда арызды карап, БШКнын юристтери күбө катары Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев жана Тагай Абдысатаровду чакырууну судьядан суранган. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга каршы эместигин билдирип, соттук отурум 9-сентябрга күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен кароо үчүн жылдырылган.

Бүгүнкү отурумга БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова жана Тагай Абдысатаров күбө катары катышып, сурак берди. Ал эми дагы бир күбө болуп берүүгө чакырылган Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев сотко келген жок.

Сот отуруму учурунда партиянын тарапташтары имараттын сыртына чогулуп, соттун акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышты.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *