Бугүн, 30-августта «Социал-демократтар» саясий партиясынан 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Нурбек Касымбековду, ал эми каржы маселеси боюнча өкүл катары Таалайбек Усубалиевди дайындаган.

Эскертке кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү парламенттик тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *