Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

 

Мамлекет башчысы сот өндүрүшүндөгү терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн оболу Жазык кодексин, Процессуалдык жана башка кодекстердин, ошондой эле, укук коргоо иштери менен сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзамдардын жаңы басылмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

 

Ошол эле ал азыркы Конституциянын «Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери» бөлүмү мыйзамдарды реформалоонун баштапкы негиздерин түзүүгө тийиш экендигин айтты.

 

«Жаңыланган мыйзамдар формасы жана мазмуну боюнча мезгилдин духуна, коомдук муктаждыктарга, илимий ыкмаларга жана практикалык тажрыйбага дал келиши, эл аралык укуктук стандарттарга шайкеш келиши зарыл. Сот өндүрүшүнүн жол-жобосу ачык-айкындыкты камсыз кылууну, сот ишин козгоп жаткан жарандардын жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтууну, тергөө мөөнөттөрүн, айыпталуучулардын камакта жаткан мөөнөтүн кыскартуу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Сотко чейинки жана сот өндүрүшүнүн жүрүшүндөгү бурмалоону жоюу механизмдерин камсыз кылуу маанилүү. Ал эми мамлекет ар бир жаранга квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылууга милдеттүү», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

 

Президент жаңы мыйзамдарда адамды кыйноого, кадыр-баркка доо кетирүүгө каршы туруу чаралары натыйжалуу каралып, кыйноо фактылары боюнча акыйкат жана ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн механизимдери камтылууга, сот жана укук коргоо системалары ачык-айкын болууга, ал эми иш-аракеттери коомчулуктун көзөмөлүндө болууга тийиш экендигин белгиледи.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *