Кытай Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна аскердик база салат. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурохман Аламшозода билдиргенин «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Абдурохман Аламшозоданын айтымында, автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына курула турган аскердик базада бийликти Тажикстандын күч түзүмдөрү жүргүзөт. Базанын курулушу үчүн Кытайдан келе турган аскердик жабдууларга бажы төлөмдөрү алынбайт. Курулуш иштери 55 млн юанга (100 млн сомони) бааланып жатат.

Эске салсак, 2019-жылы Washington Post гезити жергиликтүү тургундардын сөзүнө таянып, Тоолуу Бадахшандын Мургаб аймагында Кытай мамлекетине таандык жашыруун аскердик база бар экенин жазган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусу түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүк-батышынан Ооганстан менен чектешет. Аймак тургундарынын 5,8ын кыргыздар түзөт.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *