Баткен облустук соту Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркиндигинен ажыратты. Алар «тынчтыкка каршы кылмыш кылуу» жана «талоончулук» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

 

Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган.

 

Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.

 

Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

 

«Тергөөдө уулумдун куралдуу адамдардын жанында турганы тартылган видеодон башка эч кандай далил болгон эмес. Бул — анын күнөөсүнүн жалгыз далили», — деди ал.

 

Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарап дайындаган жактоочу Мелис Абдураимов катышканын айтты.

 

Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашашат.

 

Ал ортодо 15-сентябрда Кыргызстандын тажик улутундагы үч жаранынын үстүнөн сот отуруму башталды. Алар апрель-май айларындагы куралдуу кагылышууда кылмыш кылган деп айыпталууда. Прокуратура айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан соттоону өтүндү. Аларга карата өкүм 21-сентябрда чыгат деп күтүлүүдө.

 

«Озоди» радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, этникалык тажиктер «мекенге чыккынчылык кылуу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «маңзатты мыйзамсыз сатуу» беренелери боюнча айыпталууда.

 

Эскерте кетсек, быйыл апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш чыккан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Куралдуу кагылыштан кийин тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *