Бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дайырбек Орунбеков Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынын тургундарына бардым. Кыргызстандагы эң бийик Ленин чокусунун түбүндөгү касиеттүү жер.
Эли зирек, акылы тунук жаштары көп экен.
«Депутаттар ишке ашпаган убаданы коюп, мыйзамдагы берилген укуктарын эле так аткарса болду. Ар ким өз жоопкерчилигин сезсе»-дешти.

Талапкер мандатка жетүү үчүн көп убада берет, кийин аны ишке ашырууга келгенде элден качып, аралык алыстап, ажырым пайда болот. Ошондуктан реалдуу гана убадаларды алып, добушуңарды аманатка, карызга бергиле. Алдыдагы 5 жылда карызын, аманатын аткарып иштеп берет деген сөзүмдү айттым. Кызуу талкуу болуп, шайлоодон тышкары дагы адамдык баалуулуктары сөз кылдык. Күндүн суугуна карабай узак баарлаштык,-дейт Орунбеков.

Белгилей кетсек аталган шайлоо округунан 5 талапкер аттанган. Бир катар сурамжылоодо 2 талапкер алдынкы орунда бара жатат. Анын бири Дайырбек Орунбеков

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *