Тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Отурумда  мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.

«Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына  чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзгүлө», — деди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *