Кыргызстандын агрардык экономикасында көптөгөн коркунучтар жана көйгөйлөр бар. Мындай пикирин экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал өлкөдө калктын 66%ы айыл жергесинде жашап, 30%дан ашууну агрардык экономика менен алектенерин белгиледи.

«Бишкек менен Ош эле башкача жумуштарды аткарбаса, аймактарда мал чарба, жер иштетүү менен эле алектенип келишет. Бирок агрардык өлкө деп аталганыбыз менен бүгүнкү күндө агрардык экономикабызда көптөгөн коркунучтар жана көйгөйлөр бар. Коркунучтар деп эмнени айтса болот? Биз эң негизги азык катары эсептелген 9 продукциянын 50%ын сырттан ташып келебиз», — дейт ал.

Азык-түлүк коопсуздугу 3 негизден турат: физикалык жеткиликтүүлүгү, экономикалык жеткиликтүүлүгү жана азык-түлүктүн сапаты.

Физикалык жеткиликтүүлүк — бул эң негизги 9 азыкты: нан, эт, сүт азыктарын, жашылча-жемиштер, жумуртка, өсүмдүк майы, кумшекерди ата мекендик дыйкандардын өндүрүшү. Экономикалык жеткиликтүүлүк негизги 9 продукцияны жарандарыбыздын медицинада көрсөтүлгөн нормада жей алышы. Үчүнчүсү биз жеп аткан азык-түлүктөрдүн, тамак-аштардын сапаты жакшыбы? Ушул 3 негизде каралат.

«Эгерде биз өзүбүздүн фермерлердин жардамы менен негизги продукцияларды 85%га камсыз кылсак, медициналык нормада көрсөтүлүп кеткендей 9 эң негизги продукцияны жей алсак, биз жеп жаткан ошол тамак-аш сапаттуу болсо, биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылдык дегенди билдирет. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда ушул 3 тармак тең эң чоң көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелинет», — дейт Токобаев.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *