Президенттин «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу тутумуна ыңгайлаштыруу иштеринин алкагында жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Токтом сынактык жана аукцион аянтчаларында 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер жана мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби жер казынасын пайдалануу укугун алууда, 100% акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт, ага ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:

— мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;

— жер казынасынын аукциондук участоктору.

Токтомдун толук мазмуну менен бул жерден таанышууга болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *