«Биз эски курттап кеткен системаны бузалы деп баратабыз». Бул тууралуу ЖКга талапкер Улукбек Карыбек уулу эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

«- Сиздердин үмүтүңүздөрдү, ишеничиңиздерди аткаруу максатында шайлоого аттандык! Биздин катарда бир дагы байлардын, саясатчылардын балдары жок! «Эл Үмүтү» партиясынын өзгөчөлүгү мына ушунда.

Бүгүнкү күндө бизге карата кандай гана каралоолор болуп жатканын билесиздер. Анткени бизден коркуп жатышат. Биз эски курттап кеткен системаны бузалы деп баратабыз. Биз кудайдан башка эч кимден коркпойбуз! Биздин таянычыбыз силерсиңер!»

Эске салсак Улукбек Карыбек уулу буга чейин коркпостон бир топ чоң чоң коррупциялык схемаларды иликтеп эл ишенимине кирген.

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *