Улукбек Карыбек уулу «Эл үмүтү» Надежда народа партиясынан алдыңкы катарда шайлоого аттанды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

 

«Шайлоо туурасында көп окуп жатам.

Түшүнүп турам барыңыздарды. Кадимкидей шайлоо жана депутат деген сөздөр көбүңүздөрдү тажатып бүтүптүр.

*******

Бирок, адамда үмүт эч качан өлбөйт жана өчпөстүгү бышык.

Бул жолку эл өкүлдөрүнө аттануум мен үчүн чынында оңой болгон жери жок.

 

Акыркы убактагы журналисттик иликтөөлөр менин көзүмдү мурдагыдан да жакшыраак ачууга түртүп турат. Чиеленишкен коррупциялык схемалар, тууганчыл, жердешчил көрүнүштөр тамыры кенен жайылганына күбө болдук. Бул бир эле чети экен…

*******

Күрөшпөсөк болбойт. Кудай алдында жарандык позициядан кайтпоо туура чечим экендигин көрүп турам.

Командабыз буюрса жалындуу жаштар, жигердүү профессионалдар менен куралды. Өзгөчөлүгү “эскилердин” жоктугунда. Демек, сөзсүз жакшы болот!» -деп билдирген өзүнүн Фейсбук баракчасына.

 

Эске салсак журналист Улукбек Карыбек уулу коркпостон тамырлуу коррупция менен күрөшүүдө бир позициядан кайтпай курошкондугу жана лидерлик сапаты менен эл эсинде калган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *