Улукбек Карыбек уулу 13-октябрь, 1990-жылы Ош областына караштуу Чон-Алай районунун Шибе айылында туулган.
⠀
2016- Чон-Алай элдик бирикмесинин торагасы
2017- «Марва» ТРКсынын директору
2019-Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Саясат таануу» болумундо магистратурада билим алууда.
⠀
Студент кезинен эле коомдук иштерге активдуу катышып, турдуу өнүктүрүүчү курстарга байма-бай барып турган.Өзгөчө журналистика тармагына кызыгуусу артып, 2011-жылдан «Манас жанырыгы» радиосунун жанылыктар бөлүмүнө кабарчы болуп кабыл алынган.
⠀
Аны менен катар, «Дил Мүрөгү» адеп-ахлак маданият борборунда менеджерлик кызматты да аткарган. Ар дайым өз алдынчалык изденүүнүн үстүндө болуп, 2013-жылы автордук «Түшүнүк» теледебатын экранга алып чыга баштаган.Бул берүүдө коомдогу саясий, социалдык, билим берүү, медицина тармактарындагы актуалдуу маселелер ушул күнгө чейин чагылдырылып келет.
⠀
Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын, ардак грамоталардын ээси.
Азыркы учурда №18 Эл үмүтү партиясынан №2-катаррда Жогорку Кенешке депутаттыка талапкер болуп аттанууда.