Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрүлүп, 28 миң унаа текшерүүгө алынган.

Салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынган.

Быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *