Чоң-Алай районунда быйыл картошка, дан эгиндери жана тоют чөптөрү жакшы түшүм алынды. Бул тууралуу аталган райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлады.

 

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Муса Исираилов билдиргендей, райондо 2021 -жылы 2100 гектарга картошка эгилген. Бүгүнкү күнгө чейин алардын 85% ы жыйналып бүттү.

 

Бул аймак бийик тоолуу зонага киргендиктен, аба ырайынын кескин өзгөрүүсү болгон, жамгыр жаап, кар жаагандыктан дыйкандар картошканы казууну убактылуу токтотушкан. Түшүм жыйноо иштери 10 күндүн ичинде аяктайт.

 

«Быйыл дан эгиндери менен картошканын түшүмү мол. Буга аба ырайы да чоң таасир этет. Адамдар жакынкы жылдары мол түшүм бере турган картошка, арпа, буудай эгип жатышат. Бүгүнкү күндө облуста былтыркыга караганда 71 гектарга эгилген. Картошка базарда 25-28 сомдон сатылууда.

Мындан тышкары, Чоң-Алай районунун дыйкандары арасында Ош облусунун башка региондору жана Өзбекстан менен атайын келишимдер түзүлгөн, алар картошканы 35 сомго чейин сатып алып сатышат. Негизи быйыл дыйкандардын эмгеги акталды. Кошумчалай кетсек, кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 25-сентябрда башталып, октябрдын ортосунда аяктады.

Былтыр дан эгиндери (арпа, буудай) 3 миң 53 гектар аянтка эгилген. Быйыл 3 миң 5 гектар жерге айдалды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 48 гектарга аз. Бирок орточо түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу гектарынан 0,3 центнерден ашык болду. Кээ бир жерлерде 40-50 центнерден түшүм алынды »,-деп билдирди М.Исираилов.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *