Кыргыз-тажик чек арасында, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 4-июнда саат таңкы 7де билдирди.

Мекеменин саат таңкы 6дагы абал боюнча маалыматына караганда, тажикстандыктар мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтышты.

«Кыргыз тарап абалды жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшап, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө кайрылууда. Бирок Тажикстандын расмий адамдары телефон чалууларга жооп бербей жатат», — деп билдирди Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Түзүлгөн чыңалуудан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 4-июнда саат түнкү 3тө Тажикстан тарап Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр бери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Быйыл 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Булак: azattyk.org

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *