Кече 3-декабрь  Чон-Алай районун Дароот-Коргон айылында “Жакшылык үйү” кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой энелер үчүн бүткөрүлгөн турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу chonalay.kg сайтынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Иш-чарада райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич куттуктоо сөз сүйлөп, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган 7 жардамга муктаж, жалгыз бой энелерге үйдүн ачкычын жана ар бир үй-бүлөөгө баалуу белектерди тапшырды.
Дароот-Коргон айылындагы Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой энелер үчүн бүткөрүлгөн турак үйдүн сметалык баасы, “Жакшылык үйү” кайрымдуулук коомдук фондунан – 4111,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен – 350,0 миң сом каржыланган.
Ошондой эле “Жакшылык үйү” кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан аз камсыз болгон 9 үй-бүлөөгө жана 5 ДМЧ жарандарга акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Эске салсак буга чейинки бийлик кайдыгер караган. Быйыл өзгөчө акимдин демилгеси менен бир топ иштер жанданып баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *