29-ноябрда айрым мектептер онлайн окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

28-ноябрь — Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда айрым билим берүү мекемелери добуш берүү тилкеси катары колдонулат. 29-ноябрда аталган жайларды тазалоо, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу имараты шайлоо тилкеси катары колдонулган билим берүү мекемелеринде сабактар онлайн окутулат. Бул чечимдин имараты добушкана катары колдонулбаган окуу жайларга тиешеси жок экенин министрлик эскертет. Ошондой эле окуунун жүрүшүнө байланышкан такталбаган маалыматтарды таратпоого, расмий маалыматтарга гана таянууга чакырат.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *