4-декабрь саат 16.00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99,96% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Өлкөдө жалпы 2494 шайлоо тилкеси ачылган болсо, анын 2493үндөгү протоколдор маалыматтык серверге түштү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын буга чейин кабарлаган.

Быйыл парламенттик шайлоого 21 партия катышкан. Добуштардын 99 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,31 пайыз (223 миң 825 добуш),

«Ишеним» — 13,63 пайыз (176 миң 242 добуш),

«Ынтымак» — 10,98 пайыз (142 миң 021 добуш),

«Альянс» — 8,3 пайыз (107 миң 715 добуш),

«Бүтүн Кыргызстан»— 7,03 пайыз (90 миң 882 добуш),

«Ыйман Нуру» — 6,14 пайыз (79 миң 464добуш).

Бул шайлоодо добуш берүү укугун алган 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталган. Добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 210 болду, бул жалпы катталгандардын 34, 92% түзөт. 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашып, жаңы Конституция кабыл алынган.

Быйыл шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган. УКМК буга байланыштуу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *