28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 76га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

74 талапкер шайлоого өз алдынча аттанса, 2 талапкерди «Альянс» партиясы көрсөткөн. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

 

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *