Быйылкы эл каттоонун өзгөчөлүгү — электрондук түрдө жүргөнүндө жана каттоо формаларынын саны бешөө болгонунда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки каттоолордун баары кагаз жүзүндө болчу. Быйыл биринчи жолу электрондук форматта өтөт. Тиркемелер каттоочулардын Android 5.0 жана андан жогору версиялары бар жеке уюлдук телефонуна же планшетке орнотулат. Дагы бир өзгөчөлүгү – толтура турган каттоо формасы бешөө болот.

«Быйыл кошумча туруктуу өнүгүүнүн индикаторун киргиздик. Ал жерде көрүү, угуу мүмкүнчүлүгү, басуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дагы эсепке алуу, пандемияда ооругандар саны, интернет байланышы барлар, күндүн нурунан энергия алгандар тууралуу бардык маалыматты чогултуп чыгалы деп жатабыз. Биринчи форма «Каттоо барагы – Каттала турган адамдардын тизмеси». Экинчи форма «Каттоо барагы – Калк». Бул формада негизинен 17 суроо, анан кошумча тактоочу суроолор болот. Үчүнчү форма «Каттоо барагы – Турак жай фонду». Ал жерде 15тей суроо бар. Андан кийин 4-форма «Каттоо барагы – Азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашаган үй чарбанын мурдагы мүчөлөрү» болот, ал жаңы кошулуп жатат. Анда бир жылдан ашык убакыттан бери чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз тууралуу маалымат алалы деп жатабыз. Ал жерде 12 суроо бар. «Каттоо барагы – Кыргыз Республикасынын аймагындагы жамаатык жашоочу мекемелерине убактылуу жашоого келгендер (жашагандар) ж.б.» деп аталган 5-формада убактылуу келген чет өлкөлүк жарандарды аэропорттордо каттап, нак калктын санын чыгарууга аракет кылалы деп атабыз. Ал жерде 9 суроо бар», — дейт ал.

Бул иштерди аткаруу үчүн 506 координатор болот. Алар 14-февралдан баштап, 66 жумушчу күнгө жумушка кабыл алынат. Андан тышкары 2 556 инструктор-контролёр болот. Алар 33 жумушчу күнгө кабыл алынат. Андан кийин 24 миң 837 каттоочу 22 жумушчу күнгө алынат.

«Эгер иштейм дегендер болсо, биздин жер-жерлердеги облустук статистика башкармалыгына, райондук статистика башкармалыгына кайрылсын. Кимдерди алабыз? 18 жаштан өткөн КР жарандарын, электрондук форматта өтө турганына байланыштуу телефондору Андроид 5.0 версиясынан жогору болгондорду», — дейт Шокенов.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *