Биз ар кайсы маселеде өрттү өчүрүп иштейбиз. Ошол өрттүн алдын алуу боюнча иш аракеттер жок. Бул тууралуу талапкер майдан.kg гезитине берген маегинде билдирди.

Айтымында көйгөйдү чечүү менен эле токтоп калбай аны болтурбоого аракет кылуу мезгили келгенин баса белгиледи.

— Ушул маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

— Жолдору көп. Жеке көз карашым менен алганда, биз коркпой эле чет өлкөдөн, мисалы Грузиядан, Батыштан эксперттерди, кеңешчилерди чакырып, биргеликте программаларды жазуу керек. Мисалы, бизнес ачып жатканда бизнес-долбоор жазылат эмеспи, ал бир гана насыя алыш үчүн эмес, өзүң үчүн — ишти кайсы багытта алып кетесиң, кантип бутуна тургузасың – билиш үчүн жазылат. Кыргызстанды өнүктүрүүгө да ушундай план керек. Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кылып, бардык багыттарды камтуу зарыл. Анан ошону аткарып, анын жетегинде кете берсек, жакшы жыйынтыкка жетишмекпиз. Биз ар кайсы маселеде өрттү өчүрүп иштейбиз. Ошол өрттүн алдын алуу боюнча иш аракеттер жок. Эми мындай кемчиликтерди жоюп, кайсы бир маселени алдын ала иликтеп, аны болтурбай коюуну колго алууга убакыт келди. Ошондо, ресурстарды натыйжалуу колдонмокпуз.

 

Белгилей кетсек Эльдар Сулайманов Ош шаардык кеңешинин депутаты. Тажрыйбасы бар жаш талапкер.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *