Сиздердин үмүттөрүңүздөрдү жана ишенимиңиздерди жерде калтырбайм деп билдирди “Ата-журт Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Эльдар Сулайманов. Бул тууралуу ал 9-ноябрь Чон-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
” Сиздердин колдооңуздар жана ак батаңыздар менин келечегиме кен жол ачат деп ишенем. Ошондуктан да алгачкы угут иштеримди айылымдан баштоону туура кордум. Элимдин колдоосу куч. Ак ниеттен айткан акыл-насааттарыңыздар жана ишенимиңиздер мага чоң дем берди.Кудайым буйруп, Жогорку Кенешке депутат болуп барып калсам, сиздердин үмүттөрүңүздөрдү жана ишенимиңиздерди жерде калтырбайм. Андыктан “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясын, анын ичинде мени колдоп аткандарыңыздарга терең ыраазычылыгымы билдирем!
Колдоонуздарга чооң рахмат”, – деп билдирди!
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары Эльдар Сулаймановдун Кашка-Суу айылына буга чейин чечилбей келе жаткан ичүүчү таза суу маселесин чечип бергенине ыраазычылык билдирди!
Шайлоочулар жаш талапкерге ак жол тилеп, аксакалдар ак батасын беришип, бир добуштан шайлап берерин билдиришти.