Экс депутат, Экс-Транспорт министри Нурлан Сулаймановдун уулу Эльдар Сулайманов быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул маалыматты ал өзү тастыктады.
Ош шаардык кеңешинин депутаты жеке ишкер, Эльдар Сулайманов, 36 жашта, “Кыргыз-Кытай биргелешкен корпорациясынын” директору. Эльдар Сулайманов тууралуу маалымат аз болгондуктан. Буга чейин эле парламенттик шайлоого атасы Нурлан Сулайманов барары тууралуу эл арасында айтылып жүргөн. Нурлан Сулайманов былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен алдыңкы талапкердин катарында барган. Быйыл уулу Эльдар Сулайманов болсо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 30 тизмеде бара жатат.
Эске салсак 10-октябрда «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы съезд өткөрүп, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин тактаган.
Тизмеден белгилүү болгондой, алдыңкы бештикке партиянын лидери Айбек Маткеримов, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Өкмөттүн алдындагы Сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун мурдагы орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов киргизилген.