2050-жылы таза суу абдан аз калат. Бул тууралуу талапкер майдан.kg гезитине берген маеги учурунда билдирген.

— Талапкер катары аттандыңыз, өлкөдөгү орчундуу маселе катары кайсы маселелерди көрүп жатасыз?

— Кыргызстанда маселелер абдан көп, алардын арасынан учурда курч тургандардын бири деп электр энергиядагы көйгөйдү айтат элем. Бир гана бизде эмес, дүйнө жүзү ушул маселе менен алышууда. Менин оюмча, мында башкача кадам жасашыбыз керек, ал – жаңылануучу энергия. Энергетикалык кризиси бизге чейин Европага жеткен. Алардын тажрыйбасын алып, кантип чечип жатканын байкаштырып, дүйнөлүк тенденцияны талдап, энергетикалык кризистен чыгуунун жолун издөөгө тийишпиз. Ал үчүн тиешелүү мыйзам, нормалар керек болот. Аларды карап чыгып, жаңылануучу энергия боюнча инвестиция кылабыз деген инвесторлорго максималдуу шарт түзүп беришибиз кажет. Дагы бир маселе – экология. Бишкекте абал кандай болуп жатканын билебиз. Жылдан жылга суу азайып баратат, бул дүйнөлүк тенденция. Мындан ары көбөйбөйт, азайып гана жүрүп отурат. Иликтөөлөргө караганда, 2050-жылы таза суу абдан аз калат. Ошондуктан, таза сууну үнөмдөп, натыйжалуу пайдалануунун жолдорун табышыбыз керек. Ушул эки глобалдуу маселени чечүү зарыл.»

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *