3-декабрь “Эл аралык майыптар күнүнө” карата “Биз биргебиз!” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу chonalay.kg сайтынын аймактык кабарчысы кабарлады.

«Чоң-Алай районунда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча “Биз биргебиз” аталышындагы бир айлык иш-чара өтүп жатат.
Бүгүнкү өткөрүлгөн иш-чарада райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич куттуктоо сөз сүйлөп, акчалай белектерди тапшырды. Ошондой эле Чоң-Алай айыл өкмөтү жана райондук спорт инструктору тарабынан акчалай белектер берилди.
Иш-чаранын соңунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан сый тамак уюштурулуп, райондук Балдардын чыгармачылык борборунун таланттуу балдарынын жана райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы тартууланды. Мындан сырткары ырга, бийге шыктуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Райондук балдарды жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубунда спорттун шахмат, шашки оюну өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө аталган мекеме тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.» деп билдирет маалыматта.

Белгилей кетсек мындай иш чараларга быйыл өзгөчө көңүл бурулууда.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *