“Манас” эл аралык аэропорту “ААК эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 29-марттан тарта айрым эл аралык каттамдар токтотулганын билдирет.
“Avia Traffic” авиакомпаниясынын рейстери жокко чыгарылды:
Бишкек – Воронеж – Бишкек – 3-апрелден 25-апрелге чейин;
Бишкек – Грозный – Бишкек – 30-марттан 6-апрелге чейин;
Бишкек – Иркутск – Бишкек – 1-апрелден 29-апрелге чейин;
Бишкек – Казань – Бишкек – 5-апрель;
Бишкек – Краснодар – Бишкек – 2-май;
Бишкек – Красноярск – Бишкек – 30-март;
Бишкек – Новосибирск – Бишкек – 31-март, 2-апрель;
Бишкек – Сургут – Бишкек – 3-апрель.
AK China Southern Airlines:
Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү каттамы боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кийинки билдирүүгө чейин токтотту.
AK Air Astana:
29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Алматы – Бишкек – Алматы каттамдарынын айрымдары убактылуу токтотулду;
31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби күндөрү;
30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү.