Эрмаматов Искендер Орунбаевич 1979-жылы 26-февралында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылында төрөлгөн.
Алгачкы кадамын 1986-жылы Жекенди айылындагы “Кыргызстан” орто мектебинде окуп башаган.
1996-жылы мектепти аяктап ошол эле жылы Бишкек шаарындагы К.И.Скрябина атындагы Кыргыз Агрардык университетинин экономика факультетине кирип 2001-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Экинчи жогорку билимин дагы, ошол эле Кыргыз Агрардык университетинен агрономия кесибин окуган.
2002-жылдан баштап 2008-жылга чейин Konica Minolta Holdings, Inc. компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп эмгектенген.
2008-жылдан ушул кезге чейин Панфилов жана Жайыл районундагы дыйкандар менен тыгыз иштешип, кеп кеңештерим берип, агроном катары дыйкандарга жардам берип келет.
Тил билүүсү: Кыргыз, Орус, Араб тилдери
Үй-бүлөөсү тууралуу:Үй-бүлөөлүү, бир уулдун атасы.