Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Үгүт иштери 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат. Үгүттөө мезгилинде төмөнкүдөй кызматты ээлеген адамдар үгүттөө иштерин жүргүзүүгө, шайлоо боюнча ар кандай материалдарды чыгарып, аларды таратууга тыюу салынат.

  • Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
  • Жогорку Кеңештин депутаттарынан сырткары мамлекеттик саясий кызматтарда убактылуу иштеген тараптар;
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан сырткары мамлекеттик жана саясий муниципалдык атайын кызматтарда убактылуу иштегендер;
  • Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;
  • Байкоочулар;
  • Эл аралык байкоочулар;
  • Диний ишмерлер;
  • Кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын негиздөөчүлөрү, мүчөлөрү;
  • 18 жашка толо элек жарандар;
  • Чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
  • Жарандыгы жок адамдар;
  • Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруулардын кызматкерлери;
Эгерде эреже бузуулар байкалса, төмөнкү номерлерге байланышуу керек: «1255» кыска номери жана 0(312)660240, ватсап 0755 00 29 65
0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *