Тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул акчанын бөлүштүрүлүшү боюнча маалымат азыр Ачык бюджет порталында жайгаштырылган . Эми өлкөнүн каалаган жараны аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен компанияларынан түшкөн каражаттар кайда, качан жана кандай көлөмдө түшүп жатканын онлайн режиминде көрө алат.
Эске салсак, бул каражаттар жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү жана тейлөөнү каржылоо үчүн ачык.
«Жүргүзүлгөн иштердин негизги максаты – тоо-кен компанияларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, ошону менен алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу», – деп айтылат маалыматта.