Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районунун акиминин орун басары Самаган Муркалиевди ээлеген кызматынан бошотуп, райондун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Самаган Мурсалиевдин Төмөнкү Чүй айылындагы мектеп дааратканасынын ачылышына катышып, кызыл тасма кесип жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Маалым болгондой, даараткана демөөрчүлөр тарабынан салынып, ага 2 миллиондон ашуун сом жумшалган. Эски дааратканадан айырмаланып, мында санитардык-гигиеналык талаптардын баары сакталганы айтылган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *