Сотто жубайлардын бири ажырашууга каршы болсо, судья ойлонууга 1-3 ай мөөнөт берет. Бул тууралуу жеке юрист Жаңыл Алымкул кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

 

Анын айтымында, ажырашууну чечкен жубайлардын бири экинчисине доо арыздын бир экземплярын жөнөтөт. Сот отуруму белгиленгенден кийин соттор дагы тиешелүү түрдө билдирме жөнөтөт. Ошолорду алып, сот отурумуна келбей койсо, иш баары бир каралып, чечим чыга берет.

Сотко эки тарап тең келип, макулдугун берсе ажыраштырып берет. Эгер бир тарап келип «каршымын, ажырашпайм» деп калса, анда сот мыйзамга ылайык элдешүү үчүн мөөнөт берет. Бул — минимум бир ай, максимум 3 ай. Мөөнөт бүткөндө экинчи тарап ажырашуу оюнан кайтпаса, сот ажырашканы тууралуу чечим чыгарып берет. Чыккан чечим 1 айдан кийин күчүнө кирет. Ошондон кийин тараптар ажырашкан болуп эсептелет.

Кээде эки тараптын ортосунда бала талашуу болуп калат. Бул нерсени эки тарап сотко чейин чечип алса болот. Эгер макулдаша албаса, ортодо бала талашка түшсө, анын ким менен каларын сот аныктайт. Ал үчүн дагы ким кызыктар болсо, ошол тарап баланын жашаган жерин аныктоо боюнча доо арыз жазат.

 

Кандай документтер керектелет?

Өзүбүздүн паспортубуздун көчүрмөсү;

балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

жашаган жерден справка;

иштеген жерибизден айлык акыбыздын өлчөмүн көрсөткөн справка;

жашаган жерибизде коңшулардан же кесиптештерибизден жүрүм- турумубузду мүнөздөгөн мүнөздөмө.

Сот ошол бала ким тарапта калганы жатса, ошол тараптын үй шартын текшертет. Кандай жерде жашайт, бала ошол жерде калса коопсузбу, бакканга, жашаганга ыңгайлуубу?

 

Кээ бир учурда биз психологко дагы өтүнмө берсек болот, психолог бала менен сүйлөшүп, кимисине жакыныраак экенин аныктап берет, ал дагы аябай чоң роль ойнойт.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *